Редакцияот 14.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Ак-Турпак айылдык Кенешинин VIII-чакырылыш кезектеги X-сессиясы

2025-жылы 14-августу №36

 Ак-Турпак айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа каражатын

лизинг жолу менен алууга макулдук берүү  жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж.Маканбаевдин маалыматын угуп,               2016-жылдын 16-майындагы Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин                            78-беренесине, Кыргыз Республикасынын  Министрлер кабинетинин 2025-жылдын                  25-июлундагы № 633 тескемесине, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 29-июлундагы №01-16/333 катына ылайык, ошондой эле айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнө кызматтык пайдалануу үчүн Шевроле Трекер (Chevrolet Tracker) үлгүсүндөгү автоунааны лизинг жолу менен алууга макулдук берилсин.         

2. Лизинг алуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана тапшыруу жагы          Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

 А.Имаров