Редакцияот 08.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Ак-Турпак айылдык Кенешинин VIII-чакырылыш кезектеги XI-сессиясы

2025-жылы 8-сентябры №37

 Жаңы-Жер айылынын тургуну Б.Бурхановго айыл өкмөтүнүн эсебинен акча каражатын төлөп берүү жөнүндө

 

Кадамжай райондук сотунун 2025-жылдын 8-июлундагы № ГД-295/25-Ба2 жарандык иш боюнча чечими менен таанышып, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары - юридикалык маселелер боюнча жооптуу У.Жумаевдин маалыматын жана айыл өкмөт башчысы Ж.Маканбаевдин сунушун угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1. Кадамжай райондук сотунун 2025-жылдын 8-июлундагы чечимдери аткарууга алынсын.

2. Соттун чечимине ылайык Жаңы-Жер айылынын тургуну Б.Бурхановго 4 166 700 (төрт миллион бир жүз алтымыш алты миң жети жүз) сом өлчөмүндө акча каражаты төлөнүп берилсин.

3. Көрсөтүлгөн сумманы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн эсебинен ажыратып төлөп берүү айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

 А.Имаров