Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-майындагы № 3
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бекитилген бюджетинин планынын аппарат бөлүмүнүн 2111 статьясынан 288,3 (эки жүз сексен сегиз миң үч жүз) сом акча каражаты башка-турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн 2215 статьясына (Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин документтерине 143,3 сом, Кабык айылындагы курулган курулуштарга 100,0 сом, Ачык-Суу айылындагы таза суунун технадзорунун эмгек акысына 45,0 сом) жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу коммисиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы | А. Баатыркулов |