Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-майындагы № 4
Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү маданият кызматкерлерин кыскартуу жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджети тартыш болгондугуна байланыштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы маданият үйүнүн көркөм жетекчилерин кыскартуу жөнүндө Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүу бюджети тартыш болгондугуна байланыштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы маданият үйүнүн көркөм жетекчилери убактылуу кыскартылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу коммисиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы | А. Баатыркулов |