Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-майындагы № 5
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Бурган-Суу айылына таза суу түтүгүн куруу үчүн жер аянтын чектеп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын Бурган -Суу айылына суу түтүгүн куруу үчүн жер аянтын чектеп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
Токтом кылат
1. Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу Бурган- Суу айылына таза суу түтүгүн куруп, элдин көп жылдан берки талабын канааттандыруу менен ичүүчү сууга болгон муктаждыгын чечүү үчүн “Сары -Могол” дарыясынан Бурган -Суу айылына чейин узуну 5000 метр , туурасы 5 метр жалпы 25000 м2 жер аянты № 374,437,439,451,450,453,420 контурларында жайгашкан эски жолдун үстүнөн чектелип жана суу сактоочу кампанан (резервуардан ) памирлик этникалык кыргыздар үчүн бөлүнүп берилген участокко чейин узундугу 2900 метр, туурасы 3 метр жалпы 8700 м2 жер аянты калктуу конуштун ичиндеги каттоодогу жолдун жээгинен чектеп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын тактап даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жер адистери Ө.Шаншоевке жана К.Акунбаевке Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн юристи У.Алибаевке милдеттендирилсин.
3. Тиешелүү юридикалык документтерин даярдоого чыгымдалган акча каражатын чечип берүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы К.Жалиловко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы | А. Баатыркулов |