Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-майындагы № 6
Жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
Токтом кылат
1. Кашка-Суу айыл аймагынын “Тели -Кум” участкасынын № 581- контурундагы 0,05 га аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги жер аянтына сарай куруу үчүн ушул эле категориянын курулуш алдындагы түрүнө которууга макулдук берилсин.
2. Кашка-Суу айыл аймагынын “Таш-Арык” участогунун 1365 -контурундагы 1,0 га айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги жер аянтын ушул эле категориянын суулуу айдоо түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. “Таш-Арык” участогунун 1365-контурунда жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги 0,5 жер аянтына минералдык суу иштетүүчү суу заводун куруу үчүн “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы түрүнө которууга макулдук берилсин.
4. Оргума булагынан Таш-Арык участкасына чейин суу тартып келүү үчүн 14000 м2 же 1,4 га жерди трансформация кылууга макулдук берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы | А. Баатыркулов |