Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-июнундагы № 4
Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-статьясына ылайык аймактагы айылдарда жашаган жаш курагы жана 4 баладан жогору балдары бар, улуусу 16 жашка чейинки жаш балдары бар үй бүлөлөргө жеңилдик берүү жөнүндө айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 343-статьясынын негизинде 81,86 га жер аянттан төлөнүүчү 81860 сом өлчөмдө эшик алды салык төлөмүн жаш курагы боюнча жана 4-жаштан жогору көп балдары бар,улуусу 16 жашка чейинки үй-бүлөлөргө жеңилдик берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин Бюджет,салыктар жана финансы боюнча туруктуу коммисиясына жүктөлсүн.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы | А. Баатыркулов |