Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-июнундагы № 5
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Погрузчик, Беларусь МТЗ-82. 1 жана Экскватор-Бульдозер тракторлорунун иштөө акысын бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Абдыхалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Погрузчик, Беларусь МТЗ-82.1 жана Экскватор-Бульдозер тракторлорунун иштөө акысы маторунун иштөө саатына төлөнөрү белгиленсин:
- Погрузчик тракторунун иштөө акысы бир саатына 4478 сом;
- Беларусь МТЗ-82 тракторунун иштөө акысы – 1155 сом;
- Экскватор -Бульдозер тракторунун иштөө акысы -1500 сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин Бюджет,салыктар жана финансы боюнча туруктуу коммисиясына жүктөлсүн.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы | А. Баатыркулов |