САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 7-марты № 01-7/14
Сары-Өзөн айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы баяндамасына макулдук берүү жөнундө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Сары-Өзөн айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Сары-Өзөн айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айылдык кеңешинин төрагасына жана Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Сокулук райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Т.Э.Бектемиров |