Редакцияот 07.06.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы

 

2022-жылдын 7-июнундагы № 6

 

“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин “Ардактуу атуул” наамына көрсөтүү үчүн Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановдун сунушун талкуулап, Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кыргыз Республикасынын инвестиция боюнча улуттук агенттиктин директору Сабиров Равшанбек Азатовичке Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы

А. Баатыркулов