Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-июнундагы № 7
“Этно шаарча” курууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Бурган-Суу айылындагы Сары -Могол №1- каналынын түндүк тарабынан, Сары-Могол дарыясынын батыш тарабынан Бурган -Суу айылына кеткен таза суу түтүгүнүн коргоо аянтына чейинки 11,84 га жер аянтын “Этно шаарча” курууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы | А. Баатыркулов |