Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-июнундагы № 8
Жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кара-Жылга участкасынан баштап, Таш-Булак участкасынын батыш тарабы менен Бурган-Суу айылына чейин узундугу 8000,00 м2 туурасы 2 метр жалпы 16000,00 м2 жер аянтына лыжа база курууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы | А. Баатыркулов |