Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 7-марты  № 01-7/14

 

ААРге байланыштуу планды тактоо жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун негизинде Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн ИНН 01504199810050, Асылбаш айыл өкмөтүнүн ИНН 01909200010329, Төш-Булак айыл өкмөтүнүн ИНН 02011199610202 бириктирилгендигине жана чарбалык ишмердүүлүктөрүнүн токтотулгандыгына байланыштуу бириккен айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү жана беренелери боюнча бюджеттик кол коюм №1 жана №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин, маданият жана социалдык коргоо кызматкерлеринин штаттык расписаниелери №3-тиркемеге ылайык, ошондой эле субъектилерди каржылоо №4, №5, №6-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

3. 2024-жылга бириккен бюджеттердин киреше бөлүгү булактар ​​боюнча кирешелерден түзүлөөрү аныкталсын.

4. 2024-жылга бюджеттин чыгашаларын каржылоо корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, мектепке чейинки балдар мекемелеринде тамактануу, көмүр), ошондой эле коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн артыкчылык менен иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

5. 2023-жылы айрым топтор тарабынан жетишсиз каржыланган жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын ордун 2024-жылга бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чегинде компенсациялансын.

6. Операциялык зарылчылыктан улам жетекчиге бюджетке жана атайын эсепке өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана каражаттардын кыймылын тескөө укугу берилсин.

7. 2024-жылы ашыкча киреше түшкөндө алар социалдык-экономикалык планды ишке ашырууга жумшалсын.

8. Өткөрүлгөн ыйгарым укуктар боюнча республикалык бюджеттен каражаттар келип түшкөндө багыттар боюнча максаттуу трансферттер жана теңдештирүүчү гранттар колдонулат.

9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Асылбаш, Крупский жана Төш-Булак айыл өкмөттөрүнүн 01.01.2024-жылга карата кирешелеринин чыгашалардан ашкан суммасы (бош калдыктар) бириккен Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн топтоо эсебине которуу №7 тиркемеге ылайык, атайын каражаттар №8 тиркемеге ылайык бекитилсин жана бөлүштүрүлсүн.

10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик пландоо комиссиясынын төрагасына жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага        

 

 Т.Э.Бектемиров