Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-июнундагы № 2
Туристтик маалымат борборун курууга жер аянтын убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кашка-Суу айылына туристтик маалымат борборун куруу жөнүндөгү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановдун билдирүүсүнугуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кашка-Суу айылына туристтик маалымат борборун куруу үчүн “Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомуна Кашка-Суу айылында жайгашкан 500 м2 жер аянтын 5 (беш) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга акысыз берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына жана Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановко тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы | А. Баатыркулов |