Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-июнундагы № 3
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бекитилген бюджетинин планынын балдар бакчасы бөлүмүнүн 2218 статьясынан 45,0 (кырк беш мин) сом акча каражаты Башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн 2215 статьясына (туристтик маалымат борборун куруу үчүн тийиштүү иш кагаздарына) жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы | А. Баатыркулов |