Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 6-февралындагы №11
«Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө»
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ө.Сатаровдун 2024-жылга аткарган иштеринин отчету боюнча Э.Иманалиев айылдык кеңештин бюджет жана экономика, муниципиалдык менчик, инвестиция ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун 2025-жылдын 3-февралындагы №1 протоколун угуп жана талкуулап, Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ө.Сатаровдун 2024-жылга аткарган иштери боюнча отчету эске алынсын.
2. Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Ө.Сатаровдун отчетун карап чыгып, депутаттардын берген баасы боюнча чечим кабыл алынды:
- 9 депутат айыл өкмөтүнө эскертүү берилсин деп чечим чыгарды;
- 8 депутат айыл өкмөтүнүн ишин канаттандырарлык деп баалады;
- 1 депутат калыс добуш берди;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |