Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 6-февралындагы №9
«Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын жашоочусу Н.Сапарбековдун сунушун кароо жөнүндө »
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын Чеч-Дөбө айылынын тургуну Н.Сапарбековдун 2025-жылдын 20-январындагы №16 кириш сандуу Туу-Белдеги бакты Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап, агрардык жана жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде, Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын Туу-Бельдеги бакты айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча тактоо иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Сатаровго тапшырылсын.
2.Э.Иманалиев айылдык кеңештин 2025-жылдын 06-февралындагы №9 токтомунун аткарылышы боюнча Н.Сапарбековго такталган иш кагаздары менен толук маалымат берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссия тапшырылсын.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |