Редакцияот 30.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 28-сессиясынын

кезексиз отуруму

 

2023-жылдын 30-мартындагы № 3

Дароот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы райондук маданият үйүн жер аянты менен Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн балансасына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы А.Кудайбергеновдун 2023-жылдын 29-мартындагы № 01-4/13 чыгыш сандуу катын Чоң-Алай алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 28-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылындагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Буркан Акимбеков атындагы маданият үйүн жер аянты менен Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн балансасына өткөрүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн балансасына өткөрүп берүү жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адистерине жана материалдык эсепчисине милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

С.Мойдунов