Редакцияот 30.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 28-сессиясынын

кезексиз отуруму

 

2023-жылдын 30-мартындагы № 5

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровдун сунушун кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровдун сунушун Чоң-Алай алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 28-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровдун райондук ооруканадагы койкага жана Дароот-Коргон айылындагы мектеп, бала бакчалардагы балдарга суунун тарифи төмөнкүдөй болуусуна макулдук берилсин.

 

Ооруканадагы 1 койкага 1 күндө 1 литр суу пайдаланат 1л х 3 сом = 3 сом

3 сом

Мектептерде жана бала бакчаларда бир жанга 0,5 л суу пайдаланат 0,5л х 3 сом = 1,5 сом

1,5 сом

 

2. Ушул бекитилген тарифтер менен тиешелүү мекемелерге таанышыруу жана иш алып баруу жагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

С.Мойдунов