Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-мартындагы № 10
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын 2022-жылдагы атайын каражаттарынан калган калдыктарды бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын 2022-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган акча каражатын 2023-жылдын бюджетине өткөрүү жана кайра бекитүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 28-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын 2022-жылдагы атайын каражатынан калган 87 440 сом акча каражаты 2023-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.
- Бала бакчалардагы балдардын тамак ашы үчүн 87 440 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |