ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 28-сессиясынын
кезексиз отуруму
2023-жылдын 30-мартындагы № 11
Жайыт комитетинин 2022-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган калдыктарды бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун жана жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын жайыт тармагы боюнча 2022-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган акча каражатын 2023-жылдын бюджетине өткөрүү жана кайра бекитүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 28-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайыт комитетинин 2022-жылдагы атайын каражатынан калган 20 сом акча каражаты 2023-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.
-жайыт комитетинин атайын каражатына 20 сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |