Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 10-июлу № 720
Саламаттык сактоо уюмдарында предметтик-сандык эсепке
алынууга тийиш болгон күчтүү таасир берүүчү
дары каражаттарынын тизмесин бекитүү боюнча берилген
ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берүү жөнүндө" №115 токтомунун 11-пунктунун 10-пунктчасын аткаруу максатында, күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарын эсепке алууну, жазып берүүнү жана медициналык эмес колдонууну ("дарыкана баңгичилиги ") тартипке келтирүү максатында, буйрук кылам:
1. Саламаттык сактоо уюмдарында предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарынын тиркелген тизмеси (мындан ары - Тизме) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде МЖУжанаДСБнын жетекчиси (Ибраева Н.С.):
1) анын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
2) буйруктун кагаз жана электрондук көчүрмөлөрүн алып жүрүүчүлөргө аталган ченемдик укуктук актыны жарыялоо булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын январындагы №2 «Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген дары каражаттарына рецепттерди жазуу тартибинин талаптарын сактоо менен Тизмеге киргизилген дары каражаттарына (мындан ары-күчтүү таасир берүүчү дары каражаттары) рецепттерди жазууга көзөмөлдү күчөтүсүн.
3. Менчиктин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-январындагы № 201-тиркемеси Дары-дармек каражаттарына рецепттерди берүүнүн жол-жобосунун талаптарын Тизмеге киргизилген дары-дармек каражаттарына (мындан ары - күчтүү дары-дармек каражаттары) рецепттердин берилишине көзөмөлдү күчөтсүн. Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепттер жана алардын берилиши».
4. КР ССМнин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору (К.Т. Бекбоев) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарынын фирмалык аталыштарын www.dlsimi.kg сайтында жарыялоону жана өз убагында жаңыртууну камсыз кылсын.
5. Фармацевтикалык чекене сатуучу уюмдар:
1) күчтүү таасир берүүчү дарыларды өзүнчө шкафта сактоону камсыз кылсын;
2) күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарды чыгарууда, рецепттин арткы бетинде өндүрүп чыгаруучунун күнүн жана колун көрсөтсүн;
3) күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарга берилген рецепттерди бир жыл сактасын.
6. Саламаттык сактоо уюмдарында жана фармацевтикалык чекене соода уюмдарында күчтүү таасир берген дары каражаттарынын предметтик-сандык эсеби 2-тиркемеге ылайык бекитилген форма боюнча жетекчинин колу жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн номер коюлган, тигилген, мөөр басылган журналда жүргүзсүн.
7. Рецепттерди жазуу жана берүү тартибин бузуу фактылары аныкталган учурларда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын укук бузуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.
8. Республикалык психиатрия жана наркология борбору, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти менен бирдикте калкка күчтүү таасир берүүчү дары каражаттардын медициналык эмес колдонууну («дарыкана бангичилиги») алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин уюштурсун.
9. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо минстрдин биринчи орун басары М.А. Токтомуратовго жүктөлсүн.
10. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Министрдин орун басары |
| К.К. Байдавлетов |
|
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 720 буйругуна 1-тиркеме
|
Саламаттык сактоо уюмдарында предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарынын тизмеси*
№ | ЭПА | Дарынын түрү | Дозасы, фасовкасы |
1 | Дицикломин (дицикловерин), жана айкалыштар, дицикломиндин (дицикловерин) курамында камтылган | таблеткалар | Бардык жеткиликтүү дозалар жана таңгакчалар |
2 | Дифенгидрамин | таблеткалар | Бардык жеткиликтүү дозалар жана таңгакчалар |
3 | Тропикамид | көз тамчылары | Бардык жеткиликтүү дозалар жана таңгакчалар |
4 | Циклопентолат | көз тамчылары | Бардык жеткиликтүү дозалар жана таңгакчалар |
*- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарынын фирмалык аталыштарын www.dlsimi.kg сайтында жарыяланган.
|
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 720 буйругуна 2-тиркеме
|
Предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарды эсепке алуу
Журналы
Дары каражаттын аталышы________________________
Материалдык жооптуу тарап______________________________
(Аты-жөнү)
Айы | 1-күнгө калдык | Келүү | Күндөр боюнча чыгым | Айга болгон чыгым | Айдын аягындагы чыгым | |||||
Документтин № жана күнү | Саны |
|
|
|
|
| ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|