САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 7-марты № 01-7/11
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Жобосуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
1. Апакаев Рашид Калибекович – Сары-Өзөн айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы;
- Анырова Субагул Жумакадыровна – айылдык кенештин жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
Комиссия мүчөлөрү:
- Сокулук райондук агрардык өнүгүү башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу менен);
- Шаршенкулов Самат Сатаркулович – Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
- Бекмырзаев Самат Бекмырзаевич – Сары-Өзөн айылдык кенешинин депутаты;
- Муратова Айгерим Тимуровна – Сары-Өзөн айылдык кеңештин депутаты
- Джумалиев Качкынбай – Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси;
- Чекирова Бурул Касымбековна – айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси;
- Алымбаева Мадина Мысалыевна - Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси;
- Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси – юрист;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сары-Өзөн айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Р.Акчаловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.Э.Бектемиров |