ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 29-сессиясынын кезексиз отуруму
2023-жылдын 20-апрелиндеги № 3
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак жана Жар-Башы айылдарына жаңыдан курулган бала бакчаларга индексациялык төлөмдөрүн кароого макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак жана Жар-Башы айылдарына жаңыдан курулган бала бакчаларга индексациялык төлөмдөрүнө макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 29-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак жана Жар-Башы айылдарына жаңыдан курулган бала бакчаларына индексациялык төлөмдү айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен төлөөгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |