Редакцияот 20.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 29-сессиясынын кезексиз отуруму

 

2023-жылдын 20-апрелиндеги № 7

“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Кара-Таш участкасындагы Көк-Жар участкасына баруучу эки каналдын ортосунда жайгашкан Айыл чарба багытындагы жайыт эсебинде турган 0,70 га жер аянтыны өздөштүрүү үчүн сугат айдоо аянтына которуп берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 29-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу И.Эрмаматовдун Кара-Таш участкасындагы Көк-Жар участкасына баруучу эки каналдын ортосунда жайгашкан Айыл чарба багытындагы жайыт эсебинде турган 0,70 га жер аянтыны өздөштүрүү үчүн сугат айдоо аянтына которууга макулдук берилсин.

 

2. Тиешелелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

С.Мойдунов