ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 29-сессиясынын кезексиз отуруму
2023-жылдын 20-апрелиндеги № 9
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, куткаруу, иш чараларынын сапаттуу уюштурууну камсыз кылуу жана материалдык базасын чыңдоо максатында керектүү жабдыктарды алып берүүнү райондук региондорду өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, куткаруу иш чараларынын сапаттуу уюштурууну камсыз кылуу жана материалдык базасын чыңдоо максатында керектүү жабдыктарды алып берүүнү райондук региондорду өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 29-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, куткаруу иш чараларынын сапаттуу уюштурууну камсыз кылуу жана материалдык базасын чыңдоо максатында керектүү жабдыктарды алып берүү райондук региондорду өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |