Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 13-февралындагы №12
«Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Элмирбек айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Н.Ажыбекованын, Бюджет жана экономика, муниципиалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап жана башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн суммасы (айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети, республикалык берилүүчү теңдөөчү гранты, атайын каражаттын кошуп эсептегенде жалпы) 33845,5 ( отуз үч миллион сегиз жүз кырк беш миң беш жүз) сомго бекитилсин.
2.Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн теңдөөчу гранты 2025-жылга - Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн теңдөөчу гранты 2025-жылга – 15366,3 (он беш миллион үч жүз алтымыш алты миң сом үч) сомго бекитилсин.
3.Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2025-жылга 16449,2 ( он алты миллион төрт жүз кырк тогуз миң эки жүз) сомго бекитилсин.
4.Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн атайын каражат счету 2025-жылга 2030,0 (эки миллион отуз миң) сомго бекитилсин.
5.Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу 2025-жылга көлөмү жалпы бюджеттин 1% өлчөмүндө же 318,0 (үч жүз он сегиз) миң сомго белгиленсин.
6. Айылдык Кеңештин сессиясын уюштуруу, туруктуу комиссиялар менен иш алып баруу жана иш кагаздарын аткарууга ж.б. кетүүчү чыгымдар жергиликтүү бюджетте айыл өкмөтүндө каралган статьялардан жумшалсын.
7.Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешине түшкөн арыз, кайрылуу сунуштарды канаттандыруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча каражат табуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Ө.Сатаровго (жер салыктарынан, аренда ФПС, транспорт ж.б.) тапшырылып, айылдык кеңештин макулдугу менен жумшоо жагы милдеттендирилсин.
8. Кошумча түшкөн акча каражатарынан, аткарылбай калган айылдык кеңештин 2024-жылда чыккан токтомдору биринчи кезекте аткарууга алынсын.
9.Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Н.Ажыбековага жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттин өзгөртүүсүнө карата айылдык кеңештин сессияларына маалымат берип туруу жагы милдеттендирилсин.
10.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
11. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |