Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 13-февралындагы №13
«Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде 2024-жылдын калдык акча каражаттарды бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Элмирбек Иманалиев айыл өкмөкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Н.Ажыбекованын, Бюджет жана экономика, муниципиалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап жана башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүндө 2024-жылдан жергиликтүү бюджетте калган (негизги счетто 445,0 (төрт жүз кырк беш миң) сом, атайын каражат счетунда (спец.счет) 1430,3 (бир миллион төрт жүз отуз миң үч жүз) сом 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилсин
2. Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде 2024-жылдан калган калдык акча каражаттарды, 2025-жылдын бюджетинде жумшоо жагы айыл өкмөт башчысы М.Сатаровго тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссия тапшырылсын.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |