Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 17-апрели №29
«Көк-Арт айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө»
Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылындагы №11 М.Орозалиева атындагы жалпы билим беүүчү орто мектебинин директорунун жана мектеп жамаатынын №11 М.Орозалиева мектебинде 1991-2024-жылдары мугалим болуп эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан Турдумбетова Райма Ормокеевнаны Көк-Арт айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө кайрылуу иретинде жазган сунушун Көк-Арт айыл кеңешинин кезексиз V-сессиясында карап, талкуулап төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылынын тургуну №11 М.Орозалиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 1991-жылдан 2024-жылга чейин мугалим болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан Турдумбетова Райма Ормокеевнага билим берүүдө жана жаш муундарды тарбиялоодо кошкон зор салымы үчүн Көк-Арт айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Иш-кагаздарын жана төш белгисин даярдоо социалдык маселелер боюнча туруктуу
комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
К.Э.Исмаилов |