Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 13-февралындагы №15
«Токтогул салык кызматынын каты боюнча турак үйлөргө салыктын базалык ставкасын бекитип берүү жөнүндө »
Кыпгыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын турак жайларга салыктын базалык ставкасын бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элмирбек Иманалиев айыл аймагындагы турак жайларга салыктын базалык ставкасы 4,16 сомго бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнезсти өнүктүрүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарына мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |
| Бекитилди Элмирбек Иманалиев айылдык кеңештин I чакырылышынын IV сессиясынын 13-февраль 2025-жыл №15-токтомуна 1-тиркеме |
Элмирбек Иманалиев айыл аймагында турак жайларга салыктын базалык ставкасы
Дубалдын материалдары | Эксплуатациялоо мөөнөтү | Базалык салык наркы,сом | |
Кирпич, жыгач, монолит бетон же жыйнама жана темир бетон, бетон блоктору, пескоблок,пеноблок, пенобетон,стекло, сендвич | 5 жылга чейин | 7 | |
5-15-жылга чейин | 6 | ||
15-30жылга чейин | 5 | ||
30-45жылга чейин | 5 | ||
45жылдан жогору | 4 | ||
|
| ||
Чийки топурак (саман,колек, сокмо) шлакоблок, полистирол курулуш блок | 5 жылга чейин
| 7 | |
5-15-жылга чейин | 6 | ||
30-45жылга чейин | 5 | ||
45жылдан жогору | 4 | ||
|
| ||
металл | Эксплуатациялоо мөөнөтүнө тиешесиз | 4 | |
Башка материалдар жана убактылуу жайлардагы материалдар | Эксплуатациялоо мөөнөтүнө тиешесиз | 3 | |
Орточо базалык салыктын наркы | 4,16 | ||