Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-апрелиндеги № 30
Ак-Жар айыл өкмөтүндөгү социалдык мекемелерди оңдоп түзөө жана шарт түзүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылындагы №22 М.Кулуев атындагы орто мектебинин эски имаратынын чатырын жана “Кушубак” балдар бакчасынын имаратынын чатырын алмаштыруу талапка ылайыктуу жасап берүү сунуштарын талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылындагы №22 М.Кулуев атындагы орто мектебинин эски имаратынын жана “Кушубак” балдар бакчасынын имаратынын жараксыз абалга келген чатырларын талапка ылайык жаңылап жасоо үчүн “Ош облустук өнүктүрүү фондуна” долбоор жазып сунуштоого макулдук берилсин. Жергиликтүү бюджеттен 50,0 миң сом М.Кулуев орто мектебинин, 50,0 миң сом “Кушубак” балдар бакчасына чатырларын алмаштырууга бөлүнүп берилүүсүнө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, аткарууга алуу айыл өкмөт башчысы К.Максутовго жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Турдали уулу К. |