Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-сентябрындагы № 31
Жергиликтүү курултайды уюштуруу жөнүндө
Айылдык кеңеш мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чындоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №284 Жарлыгына жана биринчи элдик курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы “ Биринчи Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткаруулучу аракеттердин НУСКАМАСЫНА” ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүндө жергиликтүү курултайы 2022-жылдын 5-ноябрына саат 10:00 чакырылсын.
2. Ак-Жар айыл өкмөтүндө Жергиликтүү курултайынын курамы калктын санына ылайык -50 делегаттан тураары белгиленсин.
3. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 15-октябрдан 22-октябрга чейин графике ылайык өткөрүлсүн жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.(№1 тиркеме тиркелет.1 барак).
4. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы – 7 адамдан бекитилсин (№2 тиркеме тиркелет.1 барак).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “ мыйзамдуулук адам укугу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Турдали уулу К. |