Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-сентябрындагы № 32
КР бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Ак-Жар айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып Ак-Жар айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айылдык кеңеши 2022-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн атайын каражатына (ата-энелердин төлөмү) 140,0 миң сом кошумча план жеткирилсин.
2. Кошумча жеткирилген акча каражаты Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бала бакча бөлүмүнүн 22181100 беренесине 140,0 миң сом кошумча план алууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Г.Токтосуновага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Турдали уулу К. |