Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-октябры № 678
Интеллектуалдык менчик жаатындагы айрым маселелер жөнүндө
Электрондук ведомстволор аралык маалыматтарды алмашууга өтүү аркылуу мамлекеттик органдар тарабынан жарандардан документтердин көчүрмөлөрүн милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүү талабын жокко чыгаруу (жөнөкөйлөтүү) боюнча милдетти ишке ашыруу, "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-47-статьяларын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдарга коюлуучу минималдуу талаптар жана интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алардын ишин контролдоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 747 "Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 747 "Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 489 "Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдарга коюлуучу минималдуу талаптар жана алардын ишин контролдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 489 "Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдарга коюлуучу минималдуу талаптар жана алардын ишин контролдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик жаатындагы айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 80 (3736) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |