Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-сентябрындагы № 34
«Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылында туулуп өскөн Мадоморов Топчубай Абжаловичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө»
Ак-Жар айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат-сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү планына киргизген. Ушул максатта Ак-Жар айыл өкмөтүнүн кесиптик бирлик уюмунун 2022-жылдын 6-июлундагы чогулушунун протоколун жана айыл эли менен иштөөдөгү активдүү эмгегин баалап, талкуулап чыгып
Токтом кылат
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын тургуну, аскерге каттоо столунун башчысынын жардамчысы Мадоморов Топчубай Абжаловичке “Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин.
“Мадоморов топчубай Абжалович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу”деп аталсын.
2. Ак-Жар айылынын тургуну Мадоморов Топчубай Абжаловичке “Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Кылычбек Максутовго жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Турдали уулу К. |