Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-сентябрындагы № 35
“Ак-Жар айылынын тургуну Мамаев Мырзабекке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык кещеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат-сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү планына киргизген. Ушул максатта Ак-Жар айылындагы № 22 Мама Кулуев атындагы орто мектебинин 2022-жылдын 13-сентябрындагы жалпы Кесиптик Бирлик Уюмунун чогулушунун протоколун жана Ак-Жар айылынын тургуну катары жаштарга билим тарбия берүүдөгү көп жылдык эмгегин баалап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын тургуну Мамаев Мырзабекке №22 Мама Кулуев атындагы орто мектептин жалпы жамаатынын бир добуштан «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин.
«Мамаев Мырзабек Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
2. Ак-Жар айылынын тургуну Мамаев Мырзабек «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөимөлдөө айыл өкмөтүнүң башчысы К.Максутовго жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Турдали уулу К. |