Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-декабрындагы № 36
КР бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын он бир айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнгүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Ак-Жар айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып Ак-Жар айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы.
Токтом кылат
1. Ак-Жар айыл кеңеши 2022-жылдын он бир айдын жыйынтыгы менен Республикалык бюджеттен максаттуу гранттан келген 1000,0 миң сомго турак жай коммуналдык чарба бөлүмүнө 3111 беренесинин пайдалануусуна план жеткирилсин.
2. Кошумча жеткирилген акча каражаты Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн турак жай жана коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине 1000,0 миң сом кошумча план алууга макулдук берилсин
3. Токтомдун аткарылышы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Г.Токтосуновага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет жана финансылык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Турдали уулу К. |