Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-декабрындагы № 36
КР бюджеттик кодексинин 82- беренесине ылайык Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын он бир айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Ак-Жар айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып Ак-Жар айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айылдык кеңеши 2022-жылга аппарат бөлүмүнүн 3112 беренесине “Тазалык” муниципалдык ишканасына техника алууга каралган 500,0 миң сом аткарылбай калгандыгына байланыштуу
- билим берүү бөлүмүнүн 31123220 беренесине 200,0 миң сом
- билим берүү бөлүмүнүн 22211100 беренесине 220,0 миң сом
- турак жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн 31122290 беренесине 80,0 миң сом пайдалануусуна жылдырылсын
2. Жылдырылган акча каражаты Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жеригиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн билим берүү бөлүмүнүн 31123220 беренесине 200,0 миң сом билим берүү бөлүмүнүн 22211100 беренесине 220,0 миң сом турак жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн 31122290 беренесине 80,0 миң сом пайдаланууга жылдырылсын
3. Токтомдун аткарылышы Ак-Жар айыл өкмөтүнун ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Г.Токтосуновага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Турдали уулу К. |