Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-декабрындагы № 38
“Айылдардын инфраструктурасын өнүктүрүү, жашоочуларга шарт түзүү долборун колдоо жөнүндө”
Ак-Жар айылдык кеңеши Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы А.Алтынбеков атындагы ички 750 метр жолду талапка ылайыктуу асфальттоо сунушун талкуулап.
Токтом кылат:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы А.Алтынбеков атындагы ички 750 метр жолду жошоочуларга талапка ылайык асфальттоо боюнча стимул грантка конкурска катышуу долбоорун колдоо максатында, Ак-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетине демөөрчүлөрдөн келип түшүүчү 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом 2023-жылда Ак-Жар айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом өлчөмдү бекитип берүүсүнө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Г.Токтосуновага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет жана финансылык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Турдали уулу К. |