Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 13-февралындагы №17
«Элмирбек Иманалиев айыл аймагындагы ФПСтин жерлерин тактоо, аукцион аркылуу ижарага берүү үчүн комиссия курамын түзүү жөнүндө »
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын өкмөтүнүн жер маселелер боюнча башкы адиси Э.Ажыкуловдун Элмирбек Иманалиев айыл аймагындагы ФПСтин жерлерин тактоо, аукцион аркылуу ижарага берүү үчүн комиссия курамын түзүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элмирбек Иманалиев айыл аймагындагы ФПСтин жерлеринин тактоо, аукцион аркылуу ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
- Э.Бусурманов – Э.Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты- комиссиянын төрагасы;
Мүчөлөрү:
- М.Жумалиев – Э.Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты;
- А.Бекишов - Э.Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты;
- Б.С.Чекирова – айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчы;
- Э.Ажыкулов – айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча башкы адиси;
- Н.Ажыбекова – айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы;
- К.Базарбеков – айыл өкмөтүнүн айыл башчысы;
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аукцион өткөрүү мыйзам талаптарына ылайык, ФПСтин жерин аукциондун негизинде өткөрүү жаңы түзүлгөн комиссия курамына жана Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Сатаровго милдеттендирилсин.
3.Бул токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |