Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-декабрындагы № 39
«Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылында туулуп өскөн Сатимкулов Кудайбердиге «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө»
Ак-Жар айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат-сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү планына киргизген. Ушул максатта Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылынын 15-октябрь 2022-жылдагы жалпы элдик жыйналышынын протоколунун жана айыл эли менен иштөөдөгү активдүү эмгегин баалап, талкуулап чыгып
Токтом кылат
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын тургуну, Сатимкулов Кудайбердиге Большевик айылынын жалпы элдик жыйынын 15-октябрь 2022-жылдагы протоколун “Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин.
Сатимкулов Кудайберди “Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” деп аталсын.
2. Большевик айылынын тургуну Сатимкулов Кудайбердиге “Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Кылычбек Максутовго жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Турдали уулу К. |