Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-декабрындагы № 41
«Большевик айылынын жаңы көчөсүнө наам берүү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык Кеңеши татыктуу инсандардын наамын көчөлөргө берүүнү дайыма колдоп келет. Ушул максатта 2022-жылдын 10-декабрындагы Большевик айылынын түштүк-батыш тарабынын жаны чегиндеги көчө жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде
Токтом кылат
1. Большевик айылынын түштүк-батыш тарабындагы жаңы мектептен Э.Рахмановтун багына чейинки көчөсүнө, көчө жашоочуларынын жогорудагы протоколунун негизинде Токошев Карабектин наамы берилсин. Мындан ары ал көчө “ Токошев Карабек атындагы көчө” деп аталсын.
2. Токошев Карабекке көчөдөгү көрсөтмө такталарын илүү, жана көчөнүн шарттарын жакшыртуу маселелери сунуш кылынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жана Большевик айылынын айыл башчысына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Турдали уулу К. |