Редакцияот 22.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ 

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин II- чакырылышынын

кезектеги  VI сессиясы

 

 

2025-жылдын  22-майы  №37

 

«Көчөгө ат коюу жөнүндө»

 

       Көк-Арт айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Көк-Арт айыл аймагынын Канжыга айылынын Талаа Канжыга участкасына 1980-жылы 19-жашында Ооган согушунда баатырларча курман болгон Камбаралиев Куламжан Кочкоровичтин атын коюп берүү боюнча Канжыга айылынын элинен калген кайрылууну жана Спорт, туризм, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап, талкуулап төмөнкүдөй

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

               1. Көк-Арт айыл аймагынын Канжыга айылынын Талаа Канжыга участкасына Ооган согушунда баатырларча курман болгон Камбаралиев Куламжан Кочкоровичтин аты ыйгарылсын.

 

 2.  Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.

 

3. Токтомун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

Төрага

 

К.Исмаилов