Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 13-февралындагы №20
«Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн сатып алуулар порталына жайгаштыруу жөнүндө»
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 13-февралындагы №12 токтомун негизинде Э.Иманалиев айыл өкмөтүнүн өздүк салымы 750,0 (жети жүз элүү) миң сом Токтогул өнуктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн 2 500,00 (эки миллион беш жүз миң) сом акча каражатына 2024-жылдын 4 кварталында, 2025-жылы чыккан тракторду соккосу менен алуу мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштыруу боюнча айыл өкмөтүнүн коомдук, коопсуздук, сатып алуулар порталы боюнча адиси Б.Касымовдун сунушун угуп жана талкуулап, Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 13-февралындагы №12 токтомун негизинде Э.Иманалиев айыл өкмөтүнүн өздүк салымы 750,0 (жети жүз элүү) миң сом Токтогул өнуктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн 2 500,00 (эки миллион беш жүз миң) сом акча каражатынан 2024-жылдын 4 кварталында, 2025-жылы чыккан тракторду соккосу менен алуу мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштыруу сунушу жактырылсын.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Н.Ажыбековага милдетендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучусу Б.С.Чекировага тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |