Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 13-февралындагы №21
«Айыл аймагындагы коомдук уюмдардын курамын өзгөртүү жөнүндө»
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты, жергиликтүү өз алдынча өнүктүрүү жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын АТРдин негизинде Элмирбек Иманалиев айыл аймагындагы коомдук уюмдардын курамын өзгөртүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 11-февралындагы отурумунун №1 чечимин угуп жана талкуулап, Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты, жергиликтүү өз алдынча өнүктүрүү жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын АТРдин негизинде Элмирбек Иманалиев айыл аймагындагы коомдук уюмдардын курамын өзгөртүү боюнчасунушу эске алынсын.
2. Айыл аймагында Элдик жыйын өткөрүү, коомдук уюмдардын курамын өзгөртүү боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Б.С.Чекировага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты, жергиликтүү өз алдынча өнүктүрүү жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |