Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 13-февралындагы №22
«Э.Иманалиев айыл аймагындагы №6 “Айдарбек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун ысымын маркум “Айбеков Айдарбек Айбекович” кылып өзгөртүү жөнүндө»
Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу Камыш-Башы айылынын тургуну Каракозуев Айбектин 2025-жылдын 27-январындагы №31 чыгыш сандуу кайрылуусу, айылдык кеңешинин Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты, жергиликтүү өз алдынча өнүктүрүү жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун Э.Иманалиев айыл аймагындагы №6 “Айдарбек” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун ысымын маркум “Айбеков Айдарбек Айбекович” атындагы билим берүү уюму кылып өзгөртүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 11-февралындагы отурумунун №1 чечимин угуп жана талкуулап, Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты, жергиликтүү өз алдынча өнүктүрүү жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын Элмирбек Иманалиев айыл аймагындагы №6 “Айдарбек” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун ысымын маркум “Айбеков Айдарбек Айбекович” атындагы билим берүү уюму кылып өзгөртүү боюнча сунушу эске алынсын.
2. Элмирбек Иманалиев айыл аймагындагы №6 “Айдарбек” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун ысымын маркум “Айбеков Айдарбек Айбекович” атындагы билим берүү уюму болуп өзгөртүлсүн.
3. Элмирбек Иманалиев айыл аймагындагы №6 “Айдарбек” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун ысымын маркум “Айбеков Айдарбек Айбекович” атындагы билим кылып өзгөртүүдө керектүү акча каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшкөн кошумча акча каражатынан каралып, даярдалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты, жергиликтүү өз алдынча өнүктүрүү жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Б.С.Чекировага тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |