Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 19-мартындагы №24
«Элмирбек Иманалиев айыл аймагында жазга карата жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, айылдарда сугат арыктарын тазалоо жана жазгы айдап себүү иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, айдап себүү иштериндеги бааларды, бадачылар менен жүргүзүлүп жаткан иште,р бада акыларын бекитүү жөнүндө»
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба иштери боюнча башкы адиси Ө.Төрөкуловдун жана “Жаңы Доор” муниципиалдык ишкананын жетекчиси А.Мамырбаевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба иштери боюнча башкы адиси Ө.Төрөкуловдун жана “Жаңы Доор” муниципиалдык ишкананын жетекчиси А.Мамырбаевдин маалыматтары алымча кошумчалары менен жактырылсын.
2. Айыл аймагында жайгашкан мекеме, мектептер, жеке ишкерлер менен көрктөндүрүү боюнча иш план иштеп көчөттөрдүн саны жана түрү боюнча аныктап 15-апрелге чейин кеңешке кат жүзүндө маалымат берүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Сатаровго тапшырылсын.
3. Айылдарда сугат арыктарын тазалоону уюштуруп, аткарууну колго алуу айыл өкмөтүнүн айыл башчыларга тапшырылсын жана аткарылган иштердин көлөмүн көрсөтүү менен маалыматты 20-апрелге чейин айылдык кеңешке билдирүү жагы милдеттендирилсин.
4 .Жазгы айдап себүү иш чараларын аткаруу үчүн айыл айылдарда болгон элдик жыйналыштардын негизинде төмөндөгүдөй баалар бекитилисин.
- айдоого дың жерди бузууга ( 1 га) – 6500 сом
- айдоого айдалган жерди бузуу (1 га) – 5000 сом
- малаа тартуу (1 га) жерге – 1500 сом
- агент тартуу (1 га) жерге -2000 сом
- чөп чабуу (косилка) (1 га -3500 сом
- чөптү чогултуу (грабил) (1 га ) – 1500 сом
- чөптү тангактоо (кип) 1 даанасы – 20 сом
- чөптү ташуу аралыка жараша 500 сомдон 2500 сомго чейин
- айдоо жерге культуация салуу (1 га) жер – 1500 сом
- 1 кожолук жерге суугат акысы 150 сом;
- суугат суунун акысы (1 га) жерге -300 сом;
- комбайн акысы (1га) жерге – 4000 сом
- экскаватор акысы 1 саатына – 2500 сом
- Хова жүк ташуучу унаа аралыка жараша 2000 сомдон 11000 сомго чейин
- грейдер жол түзөөчү унаа аралыка жараша 1 саатына 4000 сом, 3 саатка 10000 сом,
5 саатка – 15000 сом, 10 саатка – 35000 сом;
- жүк жүктөөчу унаа (погрузчик) 1 саат жумуш көрсөтүү 3500 барып келиши ичинде;
- элдин үйүнөн жүк жүктөп ташып чыгаруу үчүн Хова,Погрузчик, 1 рейси 2000 сом 3500
сомго чейин аралыка жараша;
Таза суу акысы Сакеев жана Борбуев көчөлөрүндөгү:
- 1 айга үйүндө чыккандарга – 200 сомдон
- 1 айга крандан ташып ичкендерге – 100 сомдон
- таштанды ташууга көлөмүнө жараша – 100 сомдон өйдө
5. Бадачылардын бада баккан акысы төмөндөгү суммада бекитилсин:
- бир баш бодо малга - 800 сом
- бир баш музоолу уйга - 1000 сом
- бир баш кой, эчкиге – 130 сом
6.Бадачылар менен айыл өкмөтү жана жайыт комитетинин ортосунда үч тараптуу келишим түзүлүп, ар кимдин жоопкерчилиги белгиленсин.
7. Элдик жыйындын негизинде мал 15-апрелден баштап көчүп кетүү, жана 1-октябрдан көчүп келүү жагы белгиленсин. Жайыттан эрте түшүп келген мал атайын мал камактарга камалсын.
Камоого түшкөн малдын ээлери келбей же ээси чыкпай мал өлүмгө дуушар болсо айыл
башчылар жана кароолчу элдик жыйындын чыгарган токтомуна ылайык жоопкерчилик
тартпасын. Мал айдоо жерлерин тепсеп зыян келтирсе Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 238-беренесинин негизинде айып пулу салынсын.
8. Бекитилген бааларды көзөмөлдөп ишке ашыруу максатында айыл өкмөтү тарабынан туруктуу комиссия курамы иштелип чыксын жана иш чаралары бекитилсин.
9. Жайлоодон эрте түшүп келген малдарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 251 – беренесине ылайык 1 бодо малга 500 сом, кой, эчкиге 200 сом айып пулу салынып, аткарууга алынсын.
10. Бааларды көзөмөлдөп токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М. Сатаровго милдеттендирилсин.
11.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Бешкемпировага жүктөлсүн.
12.Бул токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.Эрмекбаевге милдеттендирилсин.
13. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |