Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 19-мартындагы №25
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык,аймактык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамын түзүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык,аймактык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамын түзүү боюнча Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-мартындагы №4 чыгыш сандуу катын негиз кылып Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-мартындагы №4 чыгыш сандуу каты эске алынсын.
2. Элмирбек Иманалиев айыл аймагындагы аймактык шайлоо комиссияларынын резервине сунушталган талапкерлердин курамы бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, маданий жана социалдык маселелер, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Б.Суранбаевага тапшырылсын.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |