Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тилектеш айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын кезексиз  XII отуруму

 

   2025-жылдын 10-октябры № 12/6

Айыл өкмөттүн Аюу-Тапан айылындагы № 21 “Дил-Булак” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесинин дубалдарын шыбоо, эшиктерин алмаштыруу, бассейн куруу, кампа салуу, мекеменин чатырчасын куруу жумуштары үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө

 

Айыл өкмөттүн  Аюу-Тапан  айылындагы № 21 “Дил-Булак” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесинин дубалдарын шыбоо, эшиктерин алмаштыруу, бассейн куруу, кампа салуу, мекеменин чатырчасын куруу жумуштары үчүн боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомун негиз кылып, Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XII  заседаниеси

  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Айыл өкмөттүн Аюу-Тапан айылындагы № 21 “Дил-Булак” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесинин дубалдарын шыбоо, эшиктерин алмаштыруу, бассейн куруу, кампа салуу, мекеменин чатырчасын куруу жумуштары боюнча сунуш кылган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы сметалык баасы 4 999 467 (төрт миллион тогуз жүз токсон тогуз миң төрт жүз алтымыш жети) сомдук долбоордо көрсөтүлгөн, өздүк салым үчүн 349 962 (үч жүз кырк тогуз тогуз жүз алтымыш эки) сом акча каражаты Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жеке өз көзөмөлүмө калтырамын.

 

Төрага:

К.Төрөшев