Редакцияот 27.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы (сегизинчи чакырылыш)

2025-жылдын 27-майы  № 2

Отуз-Адыр айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Отуз-Адыр айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери жүнүндө жалпы жобосун бекитүүгө макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук жана администативдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

Д. Атанов